Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автодорожный” жана “Эркечтам-автодорожный” өткөрүү пункттары 21-24-январь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул Кытайда жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу. “Эркечтам-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 25-январдан тарта жанданат.

Чек ара кызматы “Торугарт-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту Кытайдан Кыргызстанга унааларды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантып жатканын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version