Кытайдын чек арасында 6-апрелде саат 07:48де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кырка тоолорунда, Бедел айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Кыргызстандын калктуу аймактарында сезилген эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз