Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 1нен 3-октябрга чейин жабылат.

Өткөрмө бекеттер 4-октябрда кайра иштеп баштайт.

Exit mobile version