Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат

31-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт- автожол» жана «Иркештам-автожол» унаа өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Аталган өткөрүү пункттары 1-июндан тарта кайрадан ачылат.

Чек ара Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы өтүп жаткандыгына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Exit mobile version