Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы «Дуань-у» майрамына карата жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version