Site icon Reporter.kg

«Кыргыз-кытай соода борборун түзүү» меморандумуна кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында,  “Huahe international” компаниясынын башкы директору Лю Чуаньу менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан — Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, минситрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

“Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө кызыкканыңыздар бизди кубандырат. Экономиканын жогорулашына ишкерлердин салымы чоң, бул багытта терең иш алып баруу үчүн сиздерди үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган жетинчи “Ыссык-Көл Эл аралык экономикалык форумуна” жана алтынчы “Жибек Жолундагы товарлар” жарманкесине катышууга чакырам”, — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге далилдүү сунуштар, жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” Меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы Чжунтай корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана Эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version