Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын бет ачары болүп өттү

Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын бет ачары болүп өттү

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП)  “Жаңылануу мезгили” аттуу бет ачары болуп өттү.

Анда аталган партиянын төрагалары Сейтек Качкынбай, Эльдар Абакиров жана Жанар Акаев иш-чарага келген конокторго саясий уюмдун алдыдагы максаты жана багыты жөнүндө айтып беришти.

Биринчилерден болуп сөз сүйлөгөн Сейтек Качкынбай жаңы партиянын артында эч кандай саясий күчтөр турбаганын белгилеп, алар прогрессивдүү жаштардын күчүнө таянарын жар салды.

Ал эми депутат Жанар Акаев партиянын иши эртеңки шайлоо же бир мөөнөт менен чектелбешин айтып, негизги максат Кыргызстандагы жаңы саясий маданиятты калыптандыруу экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз либерал-демократиялык партиясы 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>