Site icon Reporter.kg

Кыргыз мушкери Рустамбек уулу Нурадин Азия чемпиону болду

Кыргыз мушкери Рустамбек уулу Нурадин Азия чемпиону болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Азиялык бокс конфедерациясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланганын «super.kg» жазып чыкты.

Уландар арасында Азия биринчилиги 8-ноябрдан 18-ноябрга чейин Улан-Батор (Монголия) шаарында өтүүдө. 10-17-ноябрь күндөрү Рустамбек уулу Нурадин Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө өзбекстандык Нурислом Исмоиловду уткан. Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан тогуз мушкер барган.

Exit mobile version