Президенттик администрацияда өкмөт менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери санкциялык режимди сактоо, ошондой эле АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын айланып өтүүгө жол бербөө боюнча мурда жетишилген макулдашуулар жөнүндө маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда элчи Лесли Вигери Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн субъекттери АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын кыйгап өткөн учурда кабылышы мүмкүн тобокелдиктер жөнүндө маалымдаган.
Өз кезегинде Министрлер Кабинети Кыргызстан өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык санкциялык режимди сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатканын, ошондой эле АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын айланып өтүүгө жол бербөө боюнча өлкөнүн финансылык рыногунун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучулары менен ыкчам иш алып барып жатканын билдирген.
Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанга товарларды алып келүүнү болжолдобогон соода жана финансылык операцияларды системалаштыруу жана мониторинг жасоо максатында, ошондой эле санкцияларды жана мыйзамсыз төлөмдөрдү айланып өтүү коркунучун төмөндөтүү үчүн 2024-жылдын 10-сентябрында Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасынын соода компаниясы” ААКы түзүлгөн.
«Соода компаниясынын негизги милдеттери болуп санкциялык номенклатура боюнча келишимдерди текшерүү, кош багыттагы товарлар менен схемаларга катышууга жол бербөө, ошондой эле санкциялык компаниялар менен операцияларды болтурбоо саналат. Ар бир өтүнмө көп этаптуу текшерүүдөн өтөт. Өтүнмөдө санкциялык товарлар табылган учурда Соода компаниясы бул өтүнмөнү четке кагат»,- деп айтылат маалыматта.
Натыйжада, 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын майына чейин санкциялык тобокелдиктерди аныктоого байланыштуу 50дөн ашык билдирме четке кагылган.
Ошондой эле министрлер кабинети «Борбордук Азиянын Капитал Банкы” АККы («Капитал Банк») тууралуу маалымат берген.
Өкмөттүн маалыматында, «Капитал Банк” коммерциялык банк болуп саналат, анын акцияларынын 100% Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык. “Капитал Банк” кирешелерди адалдоого жана мыйзамсыз иштерди каржылоого (комплаенс) каршы аракеттенүү жана санкциялык талаптарын сактоо боюнча чараларды кошо алганда, өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык катуу талап менен иштейт.
«Капитал Банк” жыл сайын финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү боюнча GrantThornton тарабынан эл аралык аудитордук тармактан көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн өтөт. Кыргызстандын резиденттери менен резидент эместеринин экинчи санкцияларына түшүп калуу тобокелдигине жол бербөө үчүн “Капитал Банк” 2023-жылдан тартып санкциялык банктар менен бардык финансылык операцияларды токтоткон.
«Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы №141-р тескемесине ылайык, “Капитал Банк” орусиялык рубль менен операцияларды жүргүзүүдө финансылык системанын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргызстандын аймагында орусиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорго катышуу үчүн эсептешүү банкы тарабынан аныкталган. “Капитал банкка” орусиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү үчүн эсептешүү мекемеси макамын бергенден кийин Финансы министрлиги санкцияларга кабылган чет өлкөлүк каржы мекемелери менен өз ара аракеттенүүнүн бардык формаларын толугу менен токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган», — деп билдирген Министрлер кабинети.