Site icon Reporter.kg

Кыргыз өрүгү Астана менен Кытайга экспорттолот

Кыргыз өрүгү Астана менен Кытайга экспорттолот. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө, өрүк баасы Астананын базарларында 70-100  сом.

«Астана шаарына абрикосту экспортоого кызыктар тараптардын суроолоруна министрликтин кызматкери Н.Т. Каарбаева +996557557529, Казакстандын башка шаарларына Давыдов Э. +996 500 555 000 телефон аркылуу жооп беришет», — дейт министрлик.

Андан тышкары жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Муну эске алуу менен биз өрүк өндүрүүчүлөргө кытайлык өнөктөштөрдү издөөнү жана өрүктү жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүүнү сунуштайбыз», — дейт мекеме.

Exit mobile version