Site icon Reporter.kg

Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган 11 документтин тизмеси

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында “Кыргызстан — Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документтердин тизмеси:

— Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;

— Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын “Art Soft Holding” ЖЧК ортосунда суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстандын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандагы “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандагы “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргызстанда кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;

— Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын “Golden Corn” ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жүгөрү данын жеткирүү келишим;

— Кыргызстандын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстандын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын  “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстандын  “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;

— Кыргызстандын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

— Кыргызстандын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “UzXCMG” ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

— Кыргызстандын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн долларлык Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version