Site icon Reporter.kg

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрдү

19-апрелден 25-апрелге чейин Баткен шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version