Site icon Reporter.kg

Кыргыз-өзбек чек арасы убактылуу жабылат

1-декабрдан 3-декабрга чейинки аралыкта “Кызыл-Кыя-Автожол” жана  Өзбекстандын “Өзбекстан-Автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктарында жабылат. Бул туурасында Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолго асфальт төшөө, асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу автотранспорттордун бул посттор аркылуу жүрүшү чектелет. Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук-автожол» өткөрүү пункту аркылуу өтөт.

Exit mobile version