Site icon Reporter.kg

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар жолугушту

Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйын 13-19-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөн. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version