Site icon Reporter.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсык 7 адамдын өмүрүн алды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсыктан 14 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болду.

Маалым болгондой, жол кырсык 21-майда саат 16:00 чамасында катталган. Кадамжай районунда экскаватор жүктөлгөн чоң жүк ташуучу унаа кыргыз-өзбек чек арасындагы “Чечме” өткөрүү пунктунда турган унааларды сүзүп кеткен. Жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган.

“Эки жабыркаган адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. 5 адам стационарга жеткирилди. Жабыркагандардын абалы орто туруктуу деп бааланууда”, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Унаа саатына 70-80 чакырым ылдамдык менен бара жаткан. Айдоочу Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй бара жаткан.

Exit mobile version