Site icon Reporter.kg

«Кыргыз почтасы» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Эсен Шерботоев «Кыргыз почтасы» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Кечээ, 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырган.

 

Exit mobile version