Site icon Reporter.kg

Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду

Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду. Бул тууралуу акындын небереси Арген Адил уулу Фейсбук баракчасына жазды.

“Узакка созулган ден соолук үчүн күрөштөн кийин бүгүн, эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду”, — деп жазган небереси. 

Акын Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.

1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жазылган. 1996-жылы Туркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болду. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

Exit mobile version