Site icon Reporter.kg

Кыргыз сому мурдагы позициясын калыбына келтирди

Доллардын сомго карата расмий курсу 0,07%га төмөндөп, 80,7 сомду түздү. Евронун наркы 0,11%га түшүп, 95,6 сом болду. Мындан тышкары, сом рублге карата 0,13%га жана теңгеге карата 0,26%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Учурда Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар кечээкидей баада — 80,8 жана 80,9 сомго бааланууда. Евро бир даанасы 96 сомдон 96,4 сомго чейин сатылууда.

Exit mobile version