Site icon Reporter.kg

Кыргыз тасмасы Шанхай кинофестивалында «Эң мыкты тасма» баш байгесин жеңди

Режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары» толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында «Эң мыкты тасма» баш байгесине ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди.

Кинофестиваль 13-22-июнь күндөрү Шанхай шаарында өткөн. Жеңүүчүнү калыстар тобунун башчысы белгилүү кинорежиссер Джузеппе Торнаторе жарыялап, сыйлыкты тасманын режиссёру Актан Арым Кубатка тапшырган.

Тасма «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарабынан Баткен облусунда тартылган. Анын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылган.

Тасмада килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры тууралуу баяндалат. Анда сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, миграция, чек ара аймактарында жашоо маселелери сүрөттөлөт.

Exit mobile version