Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чеги: Сүйлөшүүдө эки тарап 5 чечим кабыл алды

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал саат 17:30га карата чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады.

Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:

Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.

 

Exit mobile version