Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасы ачылды

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин иши кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бекеттерди ачуу аземине Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон онлайн режимде, ошондой эле эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары жеринде катышкан.

Бул иш-чара Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Exit mobile version