Site icon Reporter.kg

Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

Баткен шаарында 15-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр 10-февралда башталган.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95% жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Exit mobile version