Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.

Кыргызстандын жана Тажикстандын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирген.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алып, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышкан.

Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз-ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстадын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өткөн. Ага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан.

Эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленген.

Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргызстандын аймагында өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>