Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасы: Бустондо эки тараптуу жолугушуу өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөтүнүн жумушчу топтору чек араны мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүнү өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу 1-6-июлда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында өткөн.

Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болуп, сүйлөшүүлөр уланмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version