Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасы: Депутаттар комиссия түзүү маселесин карабай койду

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу депутаттык комиссия түзүү маселесин карабай койду.

Эл өкүлдөрү комиссия түзүү тууралуу маселени карай баштаганда, депутат Элдияр Сулайманов комиссияны азыр түзүү эртелик кыларын айтып, ал маселени күн тартибинен алууну сунуштады.

«Урматтуу депутаттар, азырынча комиссия түзгөнгө эрте деп ойлойм. Азыр тынчтансын, элди дүрбөлөңгө салбай туралы», — деди ал.

Андан кийин сөздү алган депутат Султанбай Айжигитов комиссия түзүү керектигин айтып, бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

«Комиссия эч кандай дүрбөлөңгө алып келбейт. Комиссиянын максаты — «чек арада чыр-чатактардын келип чыгуу себептерин комплекстүү изилдөө» жана «чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу». Мунун эмнеси дүрбөлөңгө салат? Эч ким чек араны чечкенге кызыкдар эмеспи же кандай? Комиссия түзүүнү колдоону суранам. Бул маселеге чекит коюш керек, ушинтип созулуп жүрө беребизби? Себептерин билгенге эмнеге тоскоолдук кылып жатабыз? Изилдөө жүргүзүп, эмнеге чыр-чатакка барып, согушка чейин жетип жатканынын себебин билишибиз керек. Эгер изилдеп, (себебин – ред.) аныктабай турган болсок, чекит койбосок аябай чоң согушка алып келет. Бул маселеге олуттуу мамиле кылалы. Майда-чүйдө шылтоолорду айтпагыла», — деди ал.

Айжигитовдун комиссия түзүү керектигин айтканы менен Сулайманов тарабынан берилген сунуш 49 депутаттын колдоосун таап, комиссия түзүү маселеси күн тартибинен алынды. Аталган маселенин күн тартибинен алынышына 10 депутат каршы добуш берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version