Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасы студенттер үчүн ачылды

Мындай чечим кабыл алынганын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү» деп белгиледи ал.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек арасы жабылган.  Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган тажик студенттери Бишкекке келүүгө уруксат берүүсүн суранышкан болчу.  Расмий маалымат боюнча 2 миңдей Тажик студенти Кыргызстанда окуйт.

 

Exit mobile version