Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимине ылайык Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси бейтарап макамын алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында чек ара боюнча келишимдин долбоорун тааныштырган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө узундугу 3425 метр, туурасы 40 метр болгон Дача – Капчыгай – Хожа-Ало – Ворух жана узундугу 3241 метр, туурасы 40 метрди түзгөн Миң-Өрүк –Самаркандек – Ариона – Шуристон бейтарап макамдагы жолдорду куруу жана пайдалануу, ошондой эле Ош – Раззаков жана Исфара – Ворух жолдорунун кесилишиндеги узундугу 253 метр Төрт-Көчө тилкесин бейтарап колдонуу жөнүндө мамлекеттер аралык келишим түзүлүүдө.
«Ал жердеги көпүрө биз тарапта калды. Бир эле көпүрөнү макулдашуу үчүн 6 ай жүрдүк. Себеби убагында көпүрөгө жерди алар бөлүп берип, көпүрөнү биз салагн экенбиз. 20 метрлик көпүрөнү макулдашуу үчүн биздин сүйлөшүүлөр 6 айга токтоп калды. Ошондой болсо да, биз аны өзүбүзгө алдык. Анткени ал көпүрө биз үчүн стратегиялык жактан маанилүү. Лейлек, Баткен районунун тургундары ошол көпүрө аркылуу өтөт», — деди ал.
Сөзүн улай Ташиев Төрт-Көчө тууралуу кененирээк айтып берди.
«Баягы ызы-чуу болгон Төрт-Көчө бейтарап макамга ээ болду. Жол тилкесинин туурасы 10 метр болуп, эки жагынан 15 метрден коопсуз тилке калтырылат. Ошондо туурасы 40 метр (узуну 253 метр – ред.) жол бейтарап макамын алат. Ал жер тажиктердики да, кыргыздардыкы да эмес. Эл аралык келишимдерде бейтарап макам деген маселе бар экен, ошого ылайык колдоно беребиз. «Менин жолум» деп Төрт-Көчөнү эч ким тосуп ала албайт. Төрт-Көчө маселеси ушуну менен чечилди», — деди ал.
Ошондой эле ал макулдашууга ылайык, Тажикстан Дача – Капчыгай жолун салып пайдалана турганын, Кыргызстан Миң-Өрүк – Самаркандек жолун куруп, колдоно турганын айтты.