Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан үч тажик аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу «Спутник РТ» билдирди.
Алар Исфара шаарынын борбордук клиникасына жеткирилген.
Буга чейин саат 18:30да Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгү Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин саат 19:30да жол кыймыл үчүн ачылган.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдоно баштаган. Алар Баткен районунун Чир-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө ок чыгарган.