Кыргыз-Тажик чек арасы. Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Кыргыз-Тажик чек арасы. Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерине Москвадан операция жасатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев 24-майда «Твиттерге» жазды.

Ал: «Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралар жабык болуп жатканына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат», — деди.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусунда Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери менен онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлгөнүн 22-майда кабарлаган.

Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери — Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылды.

Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисине операция жасалган.

14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жарадар болгонун билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>