Кыргыз-Тажик чек ара маселеси жер алмашуу менен чечилеби? Өкмөттүн жообу

Кыргыз-Тажик чек ара маселеси жер алмашуу менен чечилеби? Өкмөттүн жообу

 Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки тараптын сүйлөшүүсү боюнча бүгүн, 15-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы  жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Кечээ, 14-январда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү. Эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу эки өлкөнүн президенттери  Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча болду.

Сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында «Кызыл-Бель» жана «Гүлистон» өткөрмө-көзөмөл жайларынын аймагында эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда чек ара маселелеринин топтомун, ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде болуп өткөн окуяларды талкуулоо боюнча болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну активдештирүү боюнча көп жактуу пикир алмашылды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

— Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

— топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

— тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;

— Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

— Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;

— Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>