Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү

Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылган.

Exit mobile version