Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

25-сентябрь саат 09:20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

24-сентябрда чек арада абал тынч, эч кандай окуя катталган жок.

Инженердик-сапердик бөлүктөр чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча иштерди улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version