Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытышты

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытышты

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү  тургундар арасында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек ара тилкесине жакын жерде кыргыз жараны тажиктер тарабынан сабалып, ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, саат 09:30 чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстандын 80дей жараны менен  Тажикстандын 100дөй жараны бири-бирине таш ыргыткан.

Окуяны жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара, облустук администрациялардын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаңжал болгон жерге барган.

Жергиликтүү бийликтин арачасынан кийин эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусу токтогон. Алдын ала маалымат боюнча, жаңжалдан жаракат алгандар катталган эмес.

Учурда эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү чыр чыккан жерде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы айтылат.

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]Чек арадагы такталбаган жерлерден улам кыргыз-тажик чегинде тез-тез чыр-чатак катталып келет.[/su_heading]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>