Site icon Reporter.kg

Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 24-марты мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан кампалардын биринен пластик жүктөлгөн Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны табышкан.

Териштирүү иштери үчүн унааны чек ара заставасына жеткирүүгө кампанын ээси унааны айдап, УКМКнын эки чек арачысы аны коштоп жөнөшкөн. Арка-Борбордук айылына жеткенде айдоочу Тажикстандын 15-20 жараны топтошуп турган жерге унааны токтотуп качып кеткен. Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармоого аракет жасашкан. Hyudai-Porter унаасынын артында келе жаткан «Жаңы жер» чек ара заставасынын жетекчиси асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарган.

Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармап кала албаганы менен огу жок Калашников автоматы менен бир радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн. Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Натыйжада жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, тажик тарап автомат менен радиостанцияны тапшыра турган болгон.

Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Exit mobile version