Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда

Бүгүн, 14-сентябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде согуштук позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

14-сентябрда саат 09:30га карата атуу маал-маалы менен болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кетти.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин Согди облустук башкармалыгынын башчысынын X.Пиракзода ортосунда чыр-чатакты мындан ары күчөтүп жибербеш үчүн телефондук сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле тараптардын жолугушуусу пландалууда. Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Кийинчерээк президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү чек арадагы ок атышуу токтогонун маалымдады. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version