Site icon Reporter.kg

Чукул кабар: Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда

Бүгүн, 3- июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына киргенин аныкташкан. Алар Кыргызстандын аймагынан чыгуу тууралуу мыйзамдуу талапты аткарбай, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарган, мындан улам ортодо атышуу башталган.

Ошондой эле, Тажикстан тарап миномет колдонгон.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.

Саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча чек арада ок атышуу уланууда жана тажик тарап оор техника тартууда.

Саат 14:15ке алынган маалымат боюнча чек арада болуп жаткан ок атышуу токтоду. Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды.  

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги чек арадагы ок атышуудан эки жоокер жарадар болгонун жана биринин абалы оор экенин билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version