Site icon Reporter.kg

Кыргыз-Тажик чек арасында октон жаракат алган аскердин абалы оор

8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы чырдан ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор. Аны Бишкекке алып келип дарылоо маселеси каралып жатканын Баткен облустук администрациясынан билдиришти. Бул тууралуу «super.kg» жазды.

Аскерди борбор калаага алып кетүү же ордунда дарылоо боюнча азырынча расмий маалымат айтыла элек.

8-майда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында ок атышуу болуп, Мамлекеттик чек ара кызматынан абалды оор деп билдирген. Ал эми андан кийин, чырдан улам 3 аскер кызматкери жана бир тургун жаракат алганы маалымдалган. Анын эртеси Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Нотага Тажикстан жооп берип, анда Кыргыз тарапка окуяга тиешелүүлөрдү аныктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабын койгон. Ушундай эле талапты Кыргыз тарап да Тажикстанга жөнөткөн нотада айткан.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыр тарткан 3 аскердин абалы боюнча маалымат берип, октон жаракат алган С.уулу М. аттуу жарандын абалын өтө оор деп билдирген.

«Жабырлануучу С.уулу М. 1994-жылы туулган. Ал кыр арканын көкүрөк тушуна, курсак жана жамбаш сөөгүнө октон жаракат алган. Ага операция жасалган, абалы өтө оор», — дешкен мекемеден.

Exit mobile version