Site icon Reporter.kg

Кыргыз-Тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 1-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында эртең мененки саат 7:14тө очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 29 чакырым, Карамык айылынан 30 чакырым алыскы аралыкта болгон. Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ калктуу жерлеринде силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен.

Exit mobile version