5-май күнү саат 04:20да кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталып, күчү 4 баллга жеткен.
Ал эми Кыргызстанда силкинүү Ош облусунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген.