Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: ТИМ Тажикстанга каршылык нотасын берди

МИД

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу Тажикстан тарапка каршылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргыз тарап бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстан өз аскерлерин Кыргызстандын чегине алдын ала тартып келип, мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен аскер күчтөрүн, оор аскердик техникаларын колдонуу менен Баткен облусунун Баткен жана Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге жүзү каралык менен кол салганын белгилеген.

Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды так аткаруу, ок атуу токтотуу, аскерлерин тартып кетүү жана  кырдаалдын курчушуна алып келе турган кырдаалды жаратпоо талап кылынган. Аны менен бирге чек ара маселелери саясий-дипломатиялык жол менен чечилиши керектиги белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version