Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайы убактылуу жабылды

Бүгүн, 11-майда “Бор-Дөбө-автожол” өткөрүү жайында техникалык жумуштар жүрө тургандыгына байланыштуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөрүү жайы саат 16:00дон баштап 12-майда саат 09:00го чейин жабылат.

Көп тараптуу “Бор-Дөбө-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы Ош облусунун Алай районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version