Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан көз жумгандардын тизмеси жарыяланды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан көз жумгандардын тизмеси жарыяланды

Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжалдан кыргыз тараптын 13 адамы көз жумуп, 134 адам жаракат алган. Жаракат алган 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду, 86сы Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Жаңжалдан каза болгондордун тизмесин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы жарыялады.

Каза болгондордун 10ну жөнөкөй тургун болсо, үчөө аскер кызматкерлери болгон.

Жөнөкөй тургундар:

Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;

Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;

Каработоев Алтынбек Жалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;

Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;

Үсөн уулу Рашид, Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;

Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;

Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;

Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.

Абдугапар уулу Мырза, 1991-жылы туулган

Чыңгызбек Темиров, 1994-жылы туулган

Аскер кызматкерлери:

Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;

Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.

Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7 миң 93 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6 миң 79 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.

Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>