Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы мечиттин имамына унаа беришти

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге жергиликтүү тургундар Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

Муфтияттын маалымат кызматы билдиргендей, унааны айылдын 1985-жылы туулган тургундары белек кылышкан.

Тургундар имамдын айыл үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендигине ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чесишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version