Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. УКМК окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. УКМК окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга комментарий берди.

Маалыматка ылайык, «Баш суу бөлүштүргүч» участогунун аймагында тажик тарап электр берүүчү тирөөчтөргө видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотууну баштады. Окуя болгон жерге КР УКМКнын СС чек ара отряды жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Саат 12:25 чамасында Ходжаи Ало айылында (РТ) ок атылган (болжол менен мергенчилик мылтыктан).

Кийинчерээк, Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, ал жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Кыргыз тарап орнотулган видеокамераларды демонтаждоону талап кылды. Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар бир пикирге келе алышкан жок.

Кийинчерээк «Баш суу алгыч» аймагына келген Кыргызстандын чек ара аймагынын жашоочулары видеокамера менен түркүктү кыйып башташкан. Жаңжал болгон жерде эки тараптан 100-150 адам чогулган. Алар бири бирине таш ыргытышкан. Чек ара кызматы өз ара аракеттенип жаткан бийлик органдары менен биргеликте жаңжалдын курчушуна жол берген жок.

Сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачылары окуяны локалдаштыруу үчүн адамдарды чыр чыккан жерден алып кетишти. Чек арага жакын аймактардын калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>