Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин облуста эмне иш аткарылды? — тизме

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштер толугу менен аткарылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт өкүлү чогулган каражат, келип түшкөн жардам жана аткарылган иштер тууралуу толук маалымат берди.

 

Баткен облусунун атайын эсебине 82 миллион 604 миң сом топтолду.

29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине, бүгүн 18-апрелге карата 82 миллион 604 миң 500 сом каражат топтолду.

Топтолгон каражат куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечүүгө жумшалат.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине  Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме иш каналар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да четте карап турган жок.

“Альянс Акча алмаштыруу Ассоциациясы” Баткен облусуна тез жардам унаасын тапшырды:

“Альянс Акча алмаштыруу Ассоциациясы” Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасын тапшырышты.

Баасы 1 миллион сом болгон унаанын ичинде, бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар.

Тез жардам унаасын, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арада жайгашкандыгы эске алынып, Кулунду жалпы дарыгерлер борборуна берүү чечими кабыл алынды.

Баткен облусуна жалпы 1919,61 тонна гуманитардык жардам келип түштү:

Баткен облусунун чек аралаш аймагындагы орун алган акыркы окуяларга байланыштуу, Баткен облусуна азык түлүк, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим кече, курулуш материалдары сыяктуу гуманитардык жардамдар Кыргызстандын бардык аймактарынан, дүйнө коомчулугунан келип жатат.

Бүгүн, 18-майга карата КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, туура бөлүштүрүү жана даректүү жеткирүү боюнча түзүлгөн комиссиясы, 1919, 61 тонна гуманитардык жардамдарды кабыл алып, анын 1712, 309 тоннасын жарандарга таркатты. Учурда кампада дагы 207, 301тонна гуманитардык жардамдын запасы бар.

Куралдуу жаңжалда документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алышты:

Чек арадагы окуяда өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган.

Бүгүн 18-майда, 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышты.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу  жүрүп жатат.

Турак жайсыз калган жарандарга жалпы 75 мобилдүү, көчмө үйлөр жана чатырлар тигилген:

КР ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгы  тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр  тигилип берилди.

Ал эми Кызыл-Ай коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр берилип,  ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан тигилип берилди.

Белгилей кетсек чек арадагы куралдуу жаңжалдан, облуста жалпы 136 үй жараксыз абалга келген. Анын 93 Лейлек районунда, 43 Баткен районунда.

 

Exit mobile version