Кыргыз-тажик чек арасынын бардык тарабы зым тартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, демаркациялоо иштери 1-майга чейин башталат.
“ 1-майга чейин тосуу иштери башталат. Кыргыз-тажик чек арасына толугу менен зым тартылат. Бирок чек ара сызыгы ар кандай жерден өтөт. Мисалы, тоолуу жана аска-зоо жерлерге тикенек зымдар тартылбайт. Андай жерлерге адамдардын өтүнүшүнө тоскоол боло турган зымдарды тартабыз.
Быйыл бүтүрөбүз деген планыбыз бар”, — деген ал.