Site icon Reporter.kg

Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Анда чек аранын 17,98 чакырым тилкеси боюнча макулдашып, протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Reporter.kg’ге Лейлек районуна караштуу аймактар боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан  57 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган.

Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version