Site icon Reporter.kg

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси алмашты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Василий Дашков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасын жетектеп келген Канатбек Абдыкеримов 2018-жылдын октябрь айында бул кызматка дайындалган болчу.

Ал эми Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Exit mobile version