Site icon Reporter.kg

Кыргыз-Түрк соода алакасы 1 млрд. долларга жетет

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-алаканы 1 млрд. долларга жеткирүү пландалып жатат. Бул туурасында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинде министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтуусунда, соода-алаканы көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүүгө чечкиндүү кадамдарды коёлу деп пландалууда. Ал үчүн эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүп, алардын ири экономикалык долбоорлорду ишке ашыруусуна шарттарды түзүүнү мерчемделип жатат. Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү дагы жардамын берет.

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси  Бишкекте өтүүдө. Түркия вице-президенти Фуат Октай жыйынга катышууда.

Exit mobile version