Site icon Reporter.kg

Кыргыз улуттук университетине жаңы ректор дайындалды 

Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

“Президент кол койгон жарлыкка ылайык, КРнын  Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version